Казакстандагы башаламандыктан бизнеске 200 млн доллардан ашык зыян келтирилген

09.01.2022, 14:03 Акчабар
Казакстандагы башаламандыктан бизнеске 200 млн доллардан ашык зыян келтирилген

Казакстандык ишкерлердин чыгымдарын эсептөө уланууда. 9-январга карата Казакстандын “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасынын маалыматы боюнча, болжол менен 92,3 млрд теңге же 213 млн доллар зыян келтирилгенин баланган.

 Республиканын 10 облусундагы 1 миң 351 объектте жайгашкан 1 миң 178 чарбалык субъектилер жабыр тартканы аныкталды, анын 935и Алматы шаарында.

Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган палата жабыр тарткан ишкерлерди колдоо боюнча республикалык "Күч биримдикте" фондун түзүү демилгесин колдогондугун билдирген. Аны Алматы шаарынын Ишкерлер палатасынын аймактык кеңешинин төрагасы Максим Барышев жетектейт.

 "Биз баарыбыз акыркы күндөрдүн коркунучтуу окуяларынын күбөсү болдук, терроризм жана вандализм актылары эч кимди аяган жок! Азыр мамлекеттин алдында бир катар милдеттер турат, анын ичинде өлкөдө тартипти орнотуу, жарандарга жана ишканаларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу. Жабыркаган ишкерлерге мамлекет жардам берерин президент дароо билдирди. Жоготуулардын көлөмү азыр эле ондогон млрд теңгени түзүп жана дагы да өсүшү улантууда. Эң чоң сокку Алматыда болду. Ошондуктан, Алматы шаарынын Ишкерлер палатасынын аймактык кеңешинин шайланган төрагасы катары мен жапа чеккен ишкерди колдоо боюнча республикалык фонд түзүү аркылуу жапа чеккендерге ар тараптуу жардам көрсөтүү демилгесин көтөрүп жатам", — деп Максим Барышев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

 Фонд Алматыда жайгашаары такталууда. Фонддун акчасы мамлекеттик комиссиянын чечиминен кийин гана ишкерлерге бөлүнүп берилет.

Тэги: бизнес Казахстан ущерб экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу