Мамлекеттен уурдалган акчалар чиновниктердин бизнесин түптөйт

19.06.2019, 15:20 Акчабар
Мамлекеттен уурдалган акчалар чиновниктердин бизнесин түптөйт

Мамлекеттен уурдалган акчалар чиновниктердин бизнесин түптөйт деп билдирди Жогорку Кеңеште Эсепөө палатасынын жоопчотун угуп жаткан маалда депутат Аида Исмаилова. 

Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө жоопчотун  угуg жатканда жарыялады. 

«Ушул кезге чейин калктын калыӊ катмарына кепилденген акысыз медициналык кызмат көрсөтүлбөй келет. Муну да эстен чыгарбашыбыз керек» деди Аида Исмаилова.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов мекемелерге эскертүүлөр берилип жатканын, алар аны милдеттүү түрдө жоюшу керек экенин белгиледи.

Андан тышкары, депутат Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) акысыз кызмат көрсөтүү  тармагындагы финансалык мыйзам бузууларга көңүл бууруга чакырды. 

«Ал эми ММКФга кайрылсак, анын бюджети өтө чоӊ – 15 млрд сомдун тегерегинде. Текшерүү учурунда 21 млн 790 миӊ сомдук финансалык мыйзам бузуулар катталган. Азыр анын жарымынын орду толукталды. Адатта, дары-дармектерди сатып алганда, ашыкча акча  колдонулбай калып калат. Ошондуктан, каражатты туура бөлүүнү пландаштыруу зарыл» -деди Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу