Чет элдиктердин Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы депозиттери көбөйгөн

28.05.2021, 15:30 Акчабар
Чет элдиктердин Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы депозиттери көбөйгөн

Кыргызстанда резидент эместердин банктык депозиттеринин жалпы көлөмү апрелдин аягында 12,6 миллиард сомго жеткен. Анын ичинен 9,7 миллиард сому чет элдик валютадагы депозиттерге, 2,8 миллиарды улуттук валютадагы депозиттерге туура келет. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

2021-жылдын башынан бери резидент эместердин чет өлкө валютасындагы депозиттери 675 миллион сомго көбөйгөн. Депозиттердин көпчүлүгү талап боюнча ачылган эсептерге түшөт - 4,8 миллиард сом. Андан кийин мөөнөттүү депозиттер - 5,6 миллиард сом, ал эми 1-3 жылга чейинки салымдар - 2,6 миллиард сом болот. 

Эсептешүү эсептериндеги депозиттердин көлөмү 2,1 млрд сомду түзсө, бир ай ичинде алар 7,2 млн сомго азайган.

Тэги: иностранцы вклады Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу