2019 - жылдын январь-декабрь айларында бюджеттин чыгашасы 136.1 млрд сомду түзгөн. Анын ичинен 52 млрд 680 млн сом бюджет тармагында иштеген кызматкерлердин эмгек акысына жумшалган. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдайт.
Бюджетниктердин эмгек акысына - 31.1 млрд сом, эмгек акыга кошумча 7.2 млрд сом, компенсацияга - 8.1 млрд сом жумшалган. Убактылуу кызматкерлер 112 млн сом иштеп табышкан.
КР Социалдык фондуна 6 млрд сом төгүлгөн.