2019-жылы 366.4 млн сомго 29 фельдшердик-акушердик пункт ачылган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда бюджеттен, эл аралык донорлордон жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинен 31.7 млн сом которулуп, 17 объектиге капиталдык ремонт жүргүзүлгөн. Андан сырткары, саламаттыкты сактоо министрлигинин жана облустук жетекчиликтин бюджетинен лабороториялык, медициналык жабдыктар алынып келинген.