2019-жылдын 11 айында 89 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке кирди

18.12.2019, 12:26 Акчабар
2019-жылдын 11 айында 89 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке кирди

2019-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен республикада тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайында 353 юридикалык жакты жана 10143дөн ашык жеке жакты камтыган 18 тармак бар. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлиги билдирет. 

Кайра иштетүү өнөр жайындагы ишканалар 2019-жылдын 11 айында  27224,98 млн сом суммада продукция өндүрүшкөн.  2018-жылдын 11 айына салыштырганда өсүү 3,6%  түзөт.

        Кыргызстан  боюнча 2019-жылдын 11 айында 89 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке кирди жана 1141 жумуш орундары менен камсыздалды, алардын ичинен облустар боюнча:

  • Баткен облусу боюнча 2019-жылга 13 кайра иштетүүчү ишканалар түзүлүп, 90 жумуш орундары менен камсыздалды;
  • Жалал-Абад облусу боюнча 2019-жылга 26 кайра иштетүүчү ишканалар түзүлүп, 281 жумуш орундары менен камсыздалды;
  • Ош облусу боюнча 2019-жылга 15 ишкана пайдалаууга берилди, 281 жумуш орундары менен камсыз болду;
  • Талас облусу боюнча 2019-жылга 5 ишкана пайдалаууга берилди, 40 жумуш орундары менен камсыз болду;
  • Ысык-Көл облусу боюнча 2019-жылга 15 кайра иштетүүчү ишкана түзүлдү, 132 жумуш орундары менен камсыз болду;
  • Нарын облусу боюнча 2019-жылга 7 ишкана ишке берилди, 122 жумуш орундары менен камсыз болду;
  • Чүй облусу боюнча 2019-жылга 7 ишкана ишке берилди, 145 жумуш орундары менен камсыз болду;
  • Ош шаары боюнча 2019-жылы 1 ишкана ишке берилди, 50 жумуш орундары менен камсыздалды.

Эл аралык стандарттардын жана Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын тамак-аш жана кайра иштетүү ишканаларына түшүндүрүү жана иште колдонуу боюнча семинарлар жана тренингдер уюштурулуп жатат.

Тэги: Минсельхоз перерабатывающая промышленность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу