2020- жылы «Кепилдик фонд» 1.2 млрд сомго чейин кепилдик беүүнү пландоодо

15.01.2020, 09:13 Акчабар
2020- жылы «Кепилдик фонд» 1.2 млрд сомго чейин кепилдик беүүнү пландоодо

2019-жылы «Кепилдик фонд» тарабынан ишкерлерге жалпы суммасы 921 млн сомдук 946 кепилдик берилип, анын көпчүлүк бөлүгү аймактык долбоорлорго багытталган. Бул тууралуу 14-январда, «Кепилдик фонд» ААКнын төрагасы Малик Абакиров билдирди. 

Анын маалыматына ылайык, өткөн жылы фонддун уставдык капиталы 582 миллиондон 1 132 млн сомго чейин көбөйүп, өсүш 195% түзгөн, 946 кепилдик берилген жана 2018-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 226%га өскөн. 

«Берилген кепилдиктердин суммасы Кепилдик фонддун капиталынан 150%га жогорулаган, анын көпчүлүк бөлүгү аймактарга багытталган. Өткөн жылы кепилдиктердин жалпы суммасы 921 млн сомду түзүп, бул 2018-жылга караганда 182%га көп. 2020-жылы биз жалпы сумманын көлөмүн 1 млрд 200 млн сомго чейин көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Акчалай, берилген кепилдиктердин суммасы бардык аймактарда 2018-жылга салыштырмалуу 108ден 300%га чейин өстү», — деп айтты ал.

Берилген кепилдиктердин негизги багыттары тууралуу «Кепилдик фонддун» төрагасы, өзгөчө көңүл кайра иштетүү тармактарына, логистикалык борборлорду жана мал соючу жайларды курууга бурулгандыгын айтты. 

 

Тэги: Малик Абакиров гарантии бизнес Гарантийный фонд госфинансы экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу