2020-жылы дүйнө жүзү коргонуу иштерине 2 трлн доллар короткон

26.01.2021, 12:40 Акчабар
2020-жылы дүйнө жүзү коргонуу иштерине 2 трлн доллар короткон

2020-жылы дүйнө жүзү коргонуу иштерине 2010-жылга салыштырмалуу 9.4% көп каражат жумшаган. Жалпы чыгымдын көлөмү 2020-жылы 1.9 трлн долларды түзгөн. Бул тууралуу Jane's маалымат-аналитикалык борбору билдирди. 

 

 

Маалыматта жазылгандай, 2020-жылы коргоо иштерине болгон дүйнөлүк чыгымдардын көлөмү 1.93 трлн долларды түзгөн. Бул 2010-жылга салыштырмалуу 180 млрд долларга көп. 

Бирок, эксперттер 2021-жылы коргонуу иштерине болгон чыгымдын көлөмү, пандемиядан улам төмөндөрүн билдиришүүдө. 

Европа жана Тынч окендагы региондордон сырткаркы мамлекеттер, коргоонуу чыгымдарын кыскартып, минимум 2013-жылдагы көрсөткүчкө келиши мүмкүн. Бирок, буга карабастан 2030-жылы коргоо иштерине 2.23 трлн доллар сарпталышы күтүлүүдө. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан 2020-жылы коргонуу иштерине 20 млн доллар сарптаган. 


 

Тэги: экономика оборона мировая экономика Европа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу