Кыргызстандагы экономиканын долларлашуу деңгээли өтө жогору эмес. 2020-жылы доллар менен берилген насыялардын көлөмү 32.9% төмөңдөгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Белгилей кетсек, депозиттик базада долларлык депозиттер көбөйдү. Отчеттук мезгил убагында алардын көлөмү 42.9% өскөн, январда чет элдик валютадагы депозиттердин көлөмү 59.1 млрд сомду, ноябрга карата көрсөткүч 76.5 млрд сомду түзгөн.
«Насыялар боюнча пайыздык чендер төмөндөө тенденциясына ээ: 2020-жылдын январь-ноябрь айларында улуттук валютада берилген насыялардын орточо чени 1,3% - 16,2% га чейин төмөндөгөн, чет өлкөлүк валютада берилген насыялар 0,4% - 9,3% га чейин төмөндөгөн. Мында, насыя портфелине карата мөөнөтү өтүп кеткен насыялардын жана узак мөөнөттүү насыялардын үлүшүнүн бир аз өсүшү байкалган», — деп белгиледи Улуттук банктан.