Былтыр инвестициялык фонддордун кирешеси үчтөн бирге кыскарган

12.05.2022, 10:06 Акчабар
Былтыр инвестициялык фонддордун кирешеси үчтөн бирге кыскарган

Былтыр инвестициялык фонддордун кирешеси 5 миллион 718,5 миң сомду түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу үчтөн бирине же 2 миллион 836,8 миң сомго аз, деп билдирди Улуттук статистика комитети.

Анын 61,5%ы же 3 млн 516 миң сому пайыздардан, 38%ы же 2 млн 171,3 миң сому дивиденддерден түшкөн.

"2021-жылы акциялардын баалуулуктары менен операцияларды эки инвестициялык фонд жүргүзгөн. Алар баалуу кагаздар менен операциялар боюнча беш бүтүм жүргүзүшкөн. Акциялардын баалуулуктарын сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдүн көлөмү 1 миллион 622,3 миң сомду түздү, анын ичинен облигациялар 1 миллион 440 миң сомду, акциялардыкы 182,3 миң сомду түздү", — деп жазды статистикалык башкармалык.

Маалым болгондой, инвестициялык фонддордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу чыгашалар, тескерисинче, 86,4 миң сомго, же 5,2%га өсүп, 1 млн 757,9 миң сомду түздү. Натыйжада 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча инвестициялык фонддордун кирешеси 4 млн 94,7 миң сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 40,5%га азайган.

Тэги: инвестиционный фонды Кыргызстан доходы прибыль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу