2021-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 35,3 миллиард сом жумшоо мерчемделүүдө

18.11.2020, 10:15 Акчабар
2021-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 35,3 миллиард сом жумшоо мерчемделүүдө

2021-жылы 35,3 миллиард сом мамлекеттик карызды тейлөөгө, анын 19,9 миллиард тышкы карызга жана 15,4 миллиард ички карызга сарпталат деп божомолдонууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинен белгилүү болду. 

Мындан тышкары, мамлекеттик карызды төлөө үчүн төмөнкүлөрдү пайдалануу пландаштырылууда:

37,4 миллиард сом - 2022-жылы (23,7 миллиард - тышкы, 13,7 миллиард - ички);
45,9 миллиард сом - 2023-жылы (30 миллиард - тышкы, 15,9 миллиард - ички).


Эске салсак, 2020-жылга бекитилген бюджетте мамлекеттик карызды тейлөө 28,8 миллиард сомду түзөт, анын 16,2 миллиард сому тышкы карызга жана 12,7 миллиард ички карызга.

Ошондой эле ушул жылдын октябрь айында мамлекеттик карызды төлөө үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 381 миллион 21,9 миң сом бөлүнгөн. 

Тэги: госдолг деньги бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу