Кыргызстанда банк секторун өнүктүрүүнүн оң көрсөткүчтөрү сакталууда. Бул тууралуу Улуттук банктын эсептик чендин жогорулашы боюнча маалыматында айтылат.
Банктын маалыматы боюнча, 2021-жылы кредит портфелдин көлөмү 11,8 пайызга көбөйсө, депозиттик база 34,3 пайызга өскөн. Ошол эле учурда кредиттер боюнча пайыздык чен төмөндөө тенденциясына ээ.
“2021-жылдын декабрь айында улуттук валютада жаңыдан берилген кредиттер боюнча орточо алынган чен 2020-жылдын декабрь айына салыштырганда 1,8 пайыздык пунктка төмөндөө менен 15,4 пайызды, чет өлкө валютасында 3,0 п.п. төмөндөө менен 5,2 пайызды түзгөн”, - деп билдиришти Улуттук банктан.