Былтыр байлардын кирешеси көбөйсө, кедейлер жакырланды — Статком

06.06.2022, 10:49 Акчабар
Былтыр байлардын кирешеси көбөйсө, кедейлер жакырланды — Статком

Өлкөдөгү бардык акчалай кирешенин 44%ке жакыны калктын 20%ында топтолгон, калган төрт топ кирешенин 56%ын өз ара бөлүшөт. Мындай тыянакка Улуттук статистикалык комитеттин адистери 2021-жылдагы үй чарбаларын тандап изилдөөнүн жыйынтыгында келишти.

Үй чарбаларынын кирешеси өткөн жылы 541,8 миллиард сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 19,9%га көп болду.

“Калктын акчалай кирешелеринин негизги булагы болуп эмгек ишмердүүлүгүнөн алынган кирешелер түзүлдү, алардын киреше түзүмүндөгү үлүшү 68%ды, социалдык трансферттерден түшкөн кирешелер – 14,1%ды жана жеке көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуудан – 13,5%ды түздү”, — деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда.

2021-жылы калктын жан башына орточо киреше айына 6 миң 267,8 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 5,3%га өскөн.

“Акчалай кирешелердин жалпы көлөмүн калктын квинтилдик топтору боюнча бөлүштүрүү бардык акчалай кирешелердин 44%га жакынын топтогон эң жогорку кирешелүү калктын 20%ынын пайдасына”, - деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет.

Ошол эле учурда, графиктен көрүнүп тургандай, 2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу калктын эң бай бөлүгүнүн кирешелери 2,3%га өскөн, ал эми калктын башка топторунун кирешелери азайган.

Тэги: доходы Нацстатком Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу