Быйыл дыйкандар кант кызылчасын көп айдашты

06.07.2021, 12:30 Акчабар
Быйыл дыйкандар кант кызылчасын көп айдашты

Статкомитеттен билдиришкендей, 2021-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1 миллион 200 миң гектардан ашты, бул мурунку жылга салыштырмалуу 0,2% га көп. 

Өсүш кылкандуу дан эгиндеринин аянтынын 1,5% га, анын ичинен буудайдын 1,2% га, арпанын - 2,3% га жана дан үчүн жүгөрүнүн - 0,7% га көбөйүшү менен камсыздалды. Мындан тышкары, кант кызылчасынын айдоо аянттары 22,8% га, жашылча - 2,7% га жана башка өсүмдүктөр 3,9% га өстү.

Муну менен катар майлуу өсүмдүктөрдүн айдоо аянттарынын 12,9% га, пахта - 11,7% га, азык-түлүк үчүн коон - 5,5% га, картошка - 1,8% га, ошондой эле тоют өсүмдүктөрү - 0,5% га төмөндөгөнү байкалган.

Айдоо аянттарынын эң чоң үлүшү Чүй облусунун чарбаларына туура келет - 34,2%, Ысык-Көлдө 15%, Ошто 14,7%, Жалал-Абадда 12,8% жана Нарын облусунда 9% айдоо аянттары бар.

Тэги: сахарная свекла Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу