Кыргызстанда 2021-жылдын январь-июнь айларында 10 миң тоннадан ашык кант өндүрүлгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын аналитикалык баяндамасында айтылды.
Белгиленгендей, 2021-жылы өндүрүлгөн канттын көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилиндеги канттын көлөмүнөн эки эсе ашат.
Жалпысынан быйыл ЕАЭБ мейкиндигинде 887 миң тоннадан ашык кант өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын көлөмүнүн 79,7% ын түзөт.
Кошумчалай кетсек, бул жылы өндүрүлгөн канттын максималдуу көлөмү 690 миң тонна менен Орусияда жогору болгон.