Былтыр 11 айда 49 миллиард сомго керектөө насыялары берилген

25.01.2023, 15:11 Акчабар
Былтыр 11 айда 49 миллиард сомго керектөө насыялары берилген

Былтыр ноябрь айында Кыргызстандын банктары калкка 5 миллиард 123,4 миллион сом керектөө насыяларын беришкен. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Ал эми былтыркы жылдын 11 айында керектөө насыялары үчүн берилген каражаттын жалпы суммасы 49 миллиард 137 миллион 496,5 миң сомго жеткен.

Анын ичинен эң көп керектөө насыялары август айында берилген. Ал 5 миллиард 617 миллион 23,9 миң сом болгон. Эң жогорку орточо салмактанып алынган чен апрель айында белгиленип, ал 22,33%ды түзгөн.

Тэги: новости Кыргызстана экономика новости экономики Нацбанк кредиты потребительские кредиты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу