Экономика министри: 2022-жылы Кыргызстандын экономикасы калыбына келет

13.12.2021, 09:14 Акчабар
Экономика министри: 2022-жылы Кыргызстандын экономикасы калыбына келет

Быйыл экономиканын турукташынын күтүлүп жатышын эске алуу менен 2022-жылы экономиканын калыбына келиши болжолдонууда жана экономиканын өсүшү 6,5 пайыз деңгээлинде болжолдонууда. Бул Кумтөрдү эсепке албаганда – 5,1 пайыз деп бааланат. Мындай маалыматты парламенттик угуунун жүрүшүндө экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, экономиканын тармактарында өсүү темптери төмөнкүдөй болжолдонууда: айыл чарбасында өсүш 2,3%, өнөр жайда - 14,9%, кызмат көрсөтүүдө - 4%, курулушта - 6,7%.

“Өнөр жай тармагы экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы болот. Өнөр жай өндүрүшүнүн реалдуу өсүшү 14,9 пайыз деңгээлинде болжолдонууда. 2022-жылы айыл чарбасында реалдуу өсүү темпи 102,3 пайыз деңгээлинде болжолдонууда. Курулуш индустриясын өнүктүрүү боюнча ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруунун натыйжасында капиталдык салымдардын көлөмүн 5 пайызга, 148 млрд сомго чейин көбөйтүү болжолдонууда. Кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын дээрлик жарымын түзөт. 2022-жылга орточо 5-6 пайыз өсүш болжолдонууда”, - деп билдирди министр.

Ошондой эле, министр сооданын жандануусу күтүлүп жатканын, анда өсүш 5%, транспорт кызматтары 6%, мейманканалар жана ресторандар 6%га өсөрүн белгиледи.

Тэги: экономика Кыргызстан динамика роста

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу