Былтыркы жылдын январь-декабрь айларында республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 6 миллиард 945,7 миллион сом суммасында бюджеттер аралык трансферттер бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтында маалымдалды.
Белгилеп кетсек, жалпы сумманын негизги бөлүгү максаттуу трансферттерге туура келип, иш жүзүндө 5 миллиард 522,5 миллион сом каржыланган. Өз кезегинде трансферттерди теңдештирүүгө 1 миллиард 423,2 миллион сом жумшалды.
Мындан тышкары, максаттуу трансферттердин басымдуу бөлүгү маданият, билим берүү жана социалдык коргоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга – 2 миллиард 129,4 миллион сом жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын 2022-жылдын 1-августунан тарта 1 миллиард 260,5 миллион сомго жогорулатууга жумшалды.