2022-жылы Кумтөрдө 17 тоннадан ашык алтын өндүрүлөт деп күтүлүүдө

18.01.2022, 11:15 Акчабар
2022-жылы Кумтөрдө 17 тоннадан ашык алтын өндүрүлөт деп күтүлүүдө

2022-жылга карата “Кумтөр Голд Компани” өнүктүрүү планы боюнча 17 тоннадан ашык алтын өндүрүү күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, жакынкы келечекте - сорбциялык активдүүлүгү жогору рудаларды кайра иштетүү технологиясын өркүндөтүүгө, алтындын алынышын жогорулатууга, кенди жер астынан казууну жана калдыктарды көмүүнү баштоого мүмкүндүк берүүчү туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу кирет.

“Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон бардык кыйынчылыктарга жана «Centerra Gold Inc.» тарабынан келтирилген тоскоолдуктарга карабастан, «Кумтөр Голд Компани» эмгек жамааты алдыга коюлган милдеттерди аткара алды. Кумтөр кени стабилдүү, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана бюджетке төлөнүүчү милдеттүү төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүүдө”, - деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин мүчөлөрү Кумтөр кенинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгына оң баа беришти.

Тэги: золото Кумтор планы на 2022 год производство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу