Дүйнөлүк банк Түп-Кеген жолунун курулушуна 2022-жылы 55 млн доллар бөлөт

16.09.2021, 17:40 Акчабар
Дүйнөлүк банк Түп-Кеген жолунун курулушуна 2022-жылы 55 млн доллар бөлөт

Түп-Кеген унаа жолунун курулушу 2022-жылы башталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк 55 миллион доллар насыя жана грант бөлөт, деп билдирди Транспорт жана коммуникация министрлиги.

Министрликтен билдиришкендей, бул жолдун курулушу Казакстан менен транспорттук байланышты жакшыртат жана Ысык-Көл облусунда туризмдин туруктуу өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.

Дүйнөлүк банктын каржылоосунун алкагында Түптү "Каркыра" посту менен байланыштырган 52 км жол куруу, ошондой эле "Сан-Таш" тарыхый эстелигине (Тамерландын дөбө комплекси) жол боюндагы объектилерди жана кирүүчү жолдорду куруу пландаштырылууда.

PROYAPI (Түркия) консалтинг компаниясы документтерди бүтүрүү, Түп-Кеген жолунун деталдуу долбоорун иштеп чыгуу жана подрядчы тандоо үчүн тендердик документтерди даярдоо стадиясында турат. Тендердин жыйынтыгы боюнча подрядчы 2022-жылдын жазында курулуш иштерин баштайт. Долбоор ошондой эле Ысык-Көл облусунда авиациялык коопсуздукту камсыздоого жана туризмди өнүктүрүүгө жардам берет. Жалпысынан Дүйнөлүк банк белгиленген иш-чараларга гранттык жана кредиттик негизде 55,0 млн доллар бөлөт.

Тэги: Минтранс Всемирный банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу