Кийинки жылы 10 миң үй-бүлө чакан бизнес ачууга 100 миң сомдон алышат

11.10.2022, 16:24 Акчабар
Кийинки жылы 10 миң үй-бүлө чакан бизнес ачууга 100 миң сомдон алышат

Кийинки жылы 10 миң үй-бүлө чакан бизнес ачууга каражат алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, социалдык келишимдин негизинде муктаж үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон жардам берилүүдө.

"Учурда 2 миң 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилип, 14 миң адам жашоо шартын жакшыртты. Жалпы 280 млн сом бөлүнгөн. Жарандар күнөскана, брусчатка жасоо, автоунаа оңдоо, тигүүчү жай, үй ремонттоо, тамак-аш жасоо же мал жандыктарды багуу менен алектенишүүдө. Кийинки жылы социалдык келишимди 10 миң үй-бүлө менен түзүү пландалууда", - деди чиновник.

Базарбаев алгач пилоттук долбоор катары Кадамжай жана Жумгал райондору алынганын эске салды.

"Эки райондо 100 үй-бүлө тандалып, 100 миң сомдон берилип, азыр 500дөн ашык адамдын жашоо шарты жакшыртылды. Социалдык келишим түзгөн жарандар каражатты колго албайт, банктан которулат жана акча кайтарымсыз берилет. Ар бир учур комисия тарабынан тыкыр текшерилет", - деди ал.

Министр социалдык келишим долбоору жарандарды жакырчылыктан чыгарууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Тэги: новости Кыргызстана социальный контракт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу