2023-жылы Кыргызстанда алтын казуу дагы кымбаттайт

22.10.2020, 13:45 Акчабар
2023-жылы Кыргызстанда алтын казуу дагы кымбаттайт

Кыргызстанда 2020-жылдын 22-августундагы № 141 Мыйзамы менен алтын камтыган кенди жана алтын камтыган концентратты казып алуу жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдүн кирешелерине салыктын ставкасы жогорулатылды.

Салыктын ставкасы 2023-жылга чейин 7 пайызга, ал эми 2023-жылдан тартып 10 пайызга жогорулатылат.

Мындан тышкары, ушул Мыйзамга ылайык роялти боюнча салыктык базасы металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы болуп саналат.

Эгерде металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акчадан төмөн болсо, анда роялтинин салык базасы катарында металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акча колдонулат.

Роялти боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдү эсепке алуу менен төмөнкүдөй бирдиктүү ставка белгиленет:

– алтын, күмүш жана платина, ошондой эле металл камтылган кендер жана алтындын, күмүштүн жана платинанын концентраттары үчүн – 5 пайыз өлчөмүндө;

– алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, металлдар, металл камтылган кендер жана металлдардын концентраттары үчүн – 3 пайыз өлчөмүндө.

Мыйзам 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Тэги: горнорудная отрасль Кыргызстан налоги ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу