Мамлекеттик бюджеттин номиналдык кирешелери 2023-жылы 47,1 млрд сомго көбөйөт

22.09.2022, 13:29 Акчабар
Мамлекеттик бюджеттин номиналдык кирешелери 2023-жылы 47,1 млрд сомго көбөйөт

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылга мамлекеттик инвестициялык гранттарды эсепке алуу менен 352 миллиард 323 миллион сом деп болжолдонууда, деп билдирди Каржы министрлиги.

Бул ички дүң продукциянын 38% түзөт.

2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешелери номиналдык мааниде 47 миллиард 136,3 миллион сомго көбөйөт.

“2024-2025-жылдары мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2024-жылдагы 400 млрд 259,5 млн сомдон 2025-жылы 416 млрд 326 млн сомго чейин көбөйөт”, - деп белгилейт тиешелүү мекеме.

Тэги: бюджет новости Кыргызстана экономика Минфин КР деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу