Алматыда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өттү

05.02.2020, 11:45 Акчабар
Алматыда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өттү

31-январда Алматы шаарында Евразиялык экономикалык биримдигинин өкмөт башчыларынын катышуусу менен Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин сайтында айтылат.

Иш-чарада Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия Федерациясы, жана Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясы катышты. Молдова байкоочу катары катышты.

КР Экономика министрлиги тарабынан министр Санжар Муканбетов, министрдин орун басары Элдар Алишеров жана ЕАЭБдин координация башкармалыгынын жетекчиси Нуржамал Ильясовалар катышты.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчылары 2025-жылга чейинки евразиялык экономикалык интеграциясынын өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын даярдоо иштеринин жүрүшүн, ЕАЭБдин ички рыногунун иш алып баруусунун алкагындагы барьерлерди жоюу,  улуттук маалыматтык системаларын интеграциялоо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттери арасындагы ташып кирүүлөр үчүн төлөнө турчу бажы төлөмдөрүн улуттук валюталарга которууда эсептик клирингдик системасын киргизүү, алкоголь рыногун жөнгө салуу тууралуу макулдашуунун долбоорунун даярдыгы, ЕАЭБдин санариптүү транспорттук коридорлорунун экосистемаларын негиздөө жөнүндө жана башка маселелери талкууланды.

Тэги: евразийский межправсовет Алматы ЕАЭС Минэконом КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу