Ашхабадда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышы болду

28.06.2021, 10:30 Акчабар
Ашхабадда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышы болду

Президент Садыр Жапаров бүгүн Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүн көрүп, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма кызматы билдирди. 

Иш-чарада Жапаров Кыргызстандын Түркмөнстан менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө үзгүлтүксүздүктү сактоого берилгендигин баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин коңшулаш мүнөзүн белгиледи.

Ошол эле учурда ал соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө басым жасап, кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берүү маанилүү экендигин белгиледи.

Президенттин айтымында, Кыргызстан инвесторлордун ишенимин жогорулатуу жана өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

Ошондой эле, мамлекет башчысы экономиканын ар кандай тармактарында бир катар преференцияларды жана стимулдарды камсыз кылган инвестициялык ишмердүүлүккө жана чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын коргоого байланыштуу учурдагы либералдык мыйзам базасын баса белгиледи.

Жапаров 27-июнда расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барган.

Тэги: Ашхабат кыргызско-туркменский форум айыл чарба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу