Августта Кыргызстандын 400дөн ашык жараны Түштүк Кореяга жумушка орношту

07.09.2022, 11:56 Акчабар
Августта Кыргызстандын 400дөн ашык жараны Түштүк Кореяга жумушка орношту

Ушул жылдын август айында кыргызстандыктар Корея Республикасына 400дөн ашык эмгек келишимин түзсө, ушул жылдын аягына чейин 800гө жакын Кыргыз Республикасынын жаранын жумушка орноштуруу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова Чханвон шаарында өткөн жумушка уруксат берүү системасы (EPS) боюнча конференцияда билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч жарандардын акыркы алты жылдагы иш менен камсыз болушуна барабар.

Белгилегендей, Кореяда иштеп жаткан жарандар жумушка орношуп гана тим болбостон, керектүү көндүмдөргө жана билимдерге ээ болушат.

“EPS системасы жумушчу күчү жетишсиздигинен жапа чеккен чакан жана орто ишканаларга иштөөгө уруксат алууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан 2007-жылдан бери EPS системасына мүчө. Расмий квота боюнча чыгуу кепилденген ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоону камсыздайт. Мен сиздерди эмгек келишимдери боюнча Кыргызстанга бөлүнгөн квоталарды толук пайдаланууга чакырам", - деди элчи.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Түштүк Корея Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу боюнча квотаны 5 миң адамга көбөйткөн.

Тэги: Южная Корея трудоустройство за рубежом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу