Август айында бюджеттин профицити 2,9 млрд сом болору күтүлүүдө

25.08.2021, 12:32 Акчабар
Август айында бюджеттин профицити 2,9 млрд сом болору күтүлүүдө

Республикалык бюджеттин кассалык планына ылайык, ушул жылдын август айына карата жалпы ресурстар 22 миллиард 103 миллион 871,9 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Бюджеттик ресурстардын 74,4% ын кирешелер түзөт, калганы баалуу кагаздар боюнча өлкөнүн финансылык активдери менен кредиттеринин ортосунда бөлүштүрүлөт.

Финансылык активдер үчүн ички дебитордук карызды Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду аркылуу 4,8 миллиард сомго жабуу күтүлүп жатканы жана 787,7 миллион сом мамлекеттик баалуу кагаздар аркылуу бюджетке чегерилери күтүлүүдө.

Мында жалпы чыгымдар 19 миллиард 158 миллион 201,7 миң сомду түзөт. Муну менен бюджеттин профицити 2 миллиард 945 миллион 670,2 миң сомду түзөт.

 

 

Тэги: бюджет профицит Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу