Баткенде 13 балдар аянтчасы ачылат

02.06.2021, 09:20 Акчабар
Баткенде 13 балдар аянтчасы ачылат

БУУнун Балдар фонду Баткен облусунда 13 балдар аянтчасын ачат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Баткен облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы балдар ойноочу аянтчанын ачылышына катышты. Балдар аянтчасы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондусунун колдоосу менен курулган.

Жылдыз Бакашова балдарды 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, аларга ден-соолук, окууда ийгилик, бакубат балалык каалады.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары БУУнун Балдар фондусуна балдар аянтчаларын ачуу долбоору үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Тэги: Баткен игровые площадки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу