Баткенде курулуш иштерин көзөмөлдөө үчүн күнү-түнү иштөөчү камералар орнотулат

01.06.2021, 17:15 Акчабар
Баткенде курулуш иштерин көзөмөлдөө үчүн күнү-түнү иштөөчү камералар орнотулат

Баткен облусунда оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштерин көзөмөлдөө үчүн күнү-түнү видео көзөмөл орнотулган камералар иштеп баштайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда көрсөтүлгөн иштер бекитилген көлөмдө жүргүзүлүп жатат, буга чейин айрым объектилерге видео көзөмөл камералары орнотулган.

Курулуп жаткан жолдордун жалпы узундугу 124,2 чакырымды түзөт. Чек ара аймактарында жайгашкан Баткен облусунун калктуу конуштарындагы социалдык объектилерди жана транспорттук инфраструктураны калыбына келтирүү максатында өкмөттүн буйругу менен республикалык бюджеттен 700 миллион сом бөлүнгөн.

 

Тэги: Баткен видеокамеры строительство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу