Баткенде газобетон чыгаруучу ири завод курулат

07.10.2022, 16:00 Акчабар
Баткенде газобетон чыгаруучу ири завод курулат

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Баткен районунун Халмион айылында Кыргызстанда биринчи жолу автоклавдык газобетон өндүрүүчү завод курат. Бул инвестициялык долбоор тууралуу кыргыз-орус өнүктүрүү фонду билдирди.

Бүгүн Баткен районунун Халмион айылында курулушка капсула салуу аземи өттү. Заводдун кубаттуулугу жылына 160 миң куб метрди түзөт.

КОӨФ кызматкерлердин маянасы айына 40 миң сомдон кем болбой турганын белгиледи.

“Бул эмгекке жарамдуу калктын жумуш издеп чет өлкөлөргө агып кетүүсүн азайтат. Облустун инфраструктурасы жакшырып, бюджетке түшкөн салыктар көбөйөт. Жаңы имараттар жана курулуштар экологиялык жактан таза, бышык жана ысыкка чыдамдуу материалдан курулат”, - деп айтылат маалыматта.         

Компания кирешесинин 5%ын облустун социалдык өнүгүүсүнө – саламаттык сактоо мекемелерин заманбапташтырууга, балдар үйлөрү менен спорт залдарын курууга, аймакты көрктөндүрүүгө жумшоону пландоодо.    

“Бул фонддун кезектеги долбоорунун бири эмес. Баткен облусундагы эң ири инвестициялык долбоор. Бүгүнкү күндө биз курулуш материалдарын импортко алмаштыруунун пайдубалын түптөп жатабыз”, - деди КОӨФдүн жетекчиси Артем Новиков.

Тэги: новости Кыргызстана РКФР Баткен строительство завода

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу