«Исфана» аэропотун реконструкциялоо иштери аяктады

20.07.2020, 14:16 Акчабар
«Исфана» аэропотун реконструкциялоо иштери аяктады

Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында «Исфана» аэропортунун реконструкциялоо иштери аяктады, ал 2019-жылдын 25-ноябрында башталган. Бул  тууралуу «Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКнын сайтында айтылат.

«Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКнын башкаруусунун төрагасы Мурат Примбердиевдин айтымында, «Исфана» аэропортунун аэродром элементтеринин жасалма катмарын реконструкциялоо» долбоору толугу менен жыйынтыкталды. Баардык ремонттук иштер графикке ылайык ишке ашырылып жатты, жана сертификациялоодон кийин аба майдан кайрадан учактарды кабыл алууга даяр болот.

Долбоордун алкагында учуучу-конуучу сызыктын, рулеждик жолдун, перрон жана учактар үчүн токтоочу жай реконструкцияланды. Заманбап атайын геосинтетикалык материал – геоторду колдонуу менен 75 миң чаарчы метр асфальт бетондук катмар жаткырылды. Учуучу сызыктын узундугу 1 миң 735 метр, ал эми туурасы 35 метр.

Андан сырткары, жалпы долбоордун алкагында, 2019-жылы жалпы аянты 553 чаарчы метрди түзгөн жаңы аэровокзал курулган, ал жаңы каттоо жерлери, текшерүү аппараттары, багаждык лента, эне-бала бөлмөсү менен жабдууланган. Жүргүнчүлөр үчүн баардык жагымдуу шарттар түзүлгөн.

«Исфана» аэропорту стратегиялык жактан маанилүү экендиги, жана регионалдык авиакаттамдарда баардык керектүү шарттарды жаратуу, ошондой эле тейлөө сапатын көтөрүү боюнча баардык аракеттер көрүлүп жаткандыгы айтылат.

Тэги: аэропорт реконструкция Исфана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу