Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылында мектеп курулат. Мамкурулуштун маалыматы боюнча, объектинин сметалык баасы 72,4 миллион сомду түзөт.
Учурда курулуш-монтаждоо иштерине подрядчыны тандоо боюнча сынак өтүп жатат.
Объектинин курулушун 2022-жылы аяктоо пландалууда.