Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу ЕЭКтин мамлекеттик карызы 0.9% төмөндөгөн. Ички карыздын төмөндөшүнүн башкы себеби, улуттук валютанын долларга карата наркынын төмөндөшү менен байланыштуу.
Муну менен катар ЕАЭБдеги бардык мамлекеттерде бул көрсөткүчтүн өсүүсү байкалган.
《2020-жылдын 1-октябрына карата Армения, Белорусия жана Кыргызстандын тышкы карыздын көлөмү өскөн. Казакстан менен Россиянын ички карызынын көлөмү жогорулаган,- деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Белорусия менен Казакстандын мамкырызы эң көп жогорулаган. Арменияныкы 14.1%, Кыргызстандыкы +22.39% жана Россияныкы +22.6% өскөн.