Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары учуп келди

14.08.2020, 09:50 Акчабар
Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары учуп келди

«Манас» Эл аралык аэропорту 13-августта «Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Россиядан 171 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.

[news 27042]

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Петропавловск Камчат, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Тэги: возвращение кыргызстанцев Новосибирск Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу