Бүгүндөн тарта "Түндүкэлектр" ААКнын электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутуму дебитордук карызы үчүн Бишкектеги 3,5 миңден ашык абонентти электр жарыгынан аралыктан ажыратат. Бул тууралуу компаниянын сайтында жазылды.
Белгилей кетсек, Бишкектеги абоненттердин жалпы дебитордук карызы 4 миллион сомду түзгөн.
"Түндүкэлектр" абоненттер карыз боюнча компаниянын сайтынан же мобилдик тиркеме аркылуу биле аларын эске салды.