Бишкекте квадрат метр арзандады.

05.03.2019, 11:30 Акчабар
Бишкекте квадрат метр арзандады.

2019-жылы февралдын экинчи жарымында квадрат метрдин орточо баасы  былтыркы ушул маалга салыштырганда 1% түшкөн. Учурда анын баасы $767 деп билдирет мамлекеттик каттоо кызматы. 

Экинчи сатылуудагы батирлер арзандай түшкөн. Мисалы 104, 105, 308 сериялар менен жеке типтеги батирлердин баасы төмөндөдү. Былтыркы ушул мезгилге салыштырганда, баалардын айрымасы  квадрат метрине $8 түздү.

Ал эми турак жайларга баа 19% жогорулады. Мамкаттоонун маалыматына таянсак, 2018-жылы февралдын экинчи жарымында  борбордо баа  $47 миң 300 болсо, жыл ичинде $56 миң  200 болуп өскөн.

Февралдын экичи жарымында  Бишкекте  578 кыймылсыз мүлктү (жер тамдар менен батирлер) сатуу жана сатып алуу жүрүп, былтыркыга салыштырганда  22.45%, көп болгон. 

Тэги: недвижимость жилье Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу