«Инвестициялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

08.07.2022, 15:05 Акчабар
«Инвестициялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

Өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги менен Улуттук инвестиция агенттигинин кызматкерлери “Инвестициялар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулашты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, агенттиктин өкүлү түз келишим түзүүдө инвесторлорду тандоонун критерийлерин жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.

Ошентип, жалпы таанылган эл аралык ишкердик репутацияга ээ болгон инвестордун ордуна, эл аралык стандарттарга ылайык эсептелген капиталдын көлөмүнө таянуу сунушталды, анткени мындай инвесторду аныктоонун критерийлери жок.

“Отурумдун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынгандан тартып инвестиция тартууга чейинки инвестициялык процессти кыскартуу максатында “Инвестициялар жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруунун жол-жоболорун жакшыртуу чечими кабыл алынды”, - деп жазды басма сөз кызматы.

Ушул себептен улам, мыйзам алдындагы актылар жакын арада ырааттуу комплекстүү инвентаризациядан өткөрүлөт, ал эң кыска мөөнөттө жакшыртылмакчы. Билдирүүгө ылайык, бул инвестициялык ишмердүүлүк чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуу темпинин тездешине таасирин тийгизип, инвестициялык бюрократиялык процесстер кыскарат.

Тэги: Закон « Об инвестициях» инвестиции Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу