Бишкекте «Salymbekov Universityнин» расмий ачылышы болду

26.11.2019, 15:05 Акчабар
Бишкекте «Salymbekov Universityнин» расмий ачылышы болду

26-ноябрда Бишкекте «Salymbekov Universityнин» расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Аскар Салымбековдун фонду «Фейсбук» баракчасына жазды.

Иш-чарада алгач кызыл лента кесилип, андан соң конокторду заманбап жабдуулар жана практикалык материалдар менен жабдылган аудиториялар менен тааныштыруу болду. «Salymbekov University» быйыл өзү клиникалык базанын негизинде түзүлгөн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоочу Медициналык факультети өз ишин баштайт.

Жети жылдан бери биз жаштар үчүн сапаттуу билим берүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып келебиз. «Кыргызстандын жаш лидерлери» билим берүү долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруудан кийин жана азыр бардык аймактарда ийгиликтүү иш алып барып жаткан бизнес-мектеп долбоорунан кийин билим берүү тармагы биздин артыкчылыктуу багыт болуп саналат, — деди Аскар Салымбеков.

 

 

 

 

 

Тэги: Бишкек высшее образование открытие университет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу