Бишкектин борборунда айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу республиканын айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков көчөсүндө Киев-Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.
Борбор калаанын жарандары жана коноктору тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөрдөн атаандаштыкка жарамдуу баада сатып ала алышат.