Бишкекте 82 миллион сомго № 6 оорукананын жаңы имараты курулат

03.06.2021, 14:20 Акчабар
Бишкекте 82 миллион сомго № 6 оорукананын жаңы имараты курулат

Бишкекте № 6 шаардык клиникалык оорукананын жаңы имаратынын курулушу башталды. Курулуш толугу менен QANAR CHARITY Катар кайрымдуулук уюму тарабынан 82 миллион сомго каржыланат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Үч кабаттуу имарат зарыл медициналык шаймандар менен жер төлөсү бар 70 орундуу болот. Алдын ала маалыматтар боюнча, курулуш иштери 2022-жылдын аягында бүтөт.

Капсула салууга Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти, Катар кайрымдуулук уюмунун аткаруучу директору Юсеф бин Ахмед Аль-Кувари, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемесинин директору Бактыгүл Исмаилова, Бишкек шаарынын медициналык кызматкерлери жана № 6 шаардык клиникалык оорукананын эмгек жамааты катышты. 

Тэги: корпус больницы Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу