Бишкекте санариптик өнүктүрүү жумалыгы өтүүдө

29.09.2021, 15:20 Акчабар
Бишкекте санариптик өнүктүрүү жумалыгы өтүүдө

XXI кылым адамзат үчүн масштабдуу сыноолордун мезгили болууда. Бул тууралуу Минкаб төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаарында Digital week Санариптик өнүктүрүү жумалыгынын алкагында өтүп жаткан маалыматтык технологиялар форумунда билдирди. 

Марипов илимий-техникалык прогресс планетанын экотутумунун бузулушу, адамдын космостогу жетишкендиктери локалдык аскердик кагылышуулар, дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү жакырчылык жана жумушсуздук, калктын демографиялык өсүүсү ичүүчү суунун жана азык-түлүктүн жетишсиздиги маселеси менен коштолуп жатканын белгиледи. 

"Бул көйгөйлөр бир нерсени далилдейт – бүгүнкү реалдуулукка өз мамилебизди жана көз-карашыбызды кайрадан карап чыгуу, кызматташуу жана өнүгүүнүн цивилизациялуу стандарттарын иштеп чыгу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү, жаратылышка жана анын ресурстарына керектөөчүлүк мамилени кайрадан карап чыгуубуз зарыл. Ошондуктан өнүгүүнүн актуалдуу маселелери боюнча мындай жолугушуулар биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн абдан маанилүү саналат. Чындыгында, жаңы санарип реалдуулугу дүйнөнү ыкчам өзгөртүүдө", - деди ал.

Марипов белгилегендей, санарип маселеси президентттин жеке көзөмөлүндө. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу