Бишкекте ири экономикалык форум өтөт

18.08.2022, 10:23 Акчабар
Бишкекте ири экономикалык форум өтөт

Министрлерrабинетининnөрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Резиденттик кеңсесинин директору Навид Хасан Накви менен алдыдагы Бишкек экономикалык форумун талкуулады.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, форумга бардык тиешелүү мамлекеттик органдар тартылат.

Тараптар ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучулар кеңешинин жана Эл аралык валюта корунун жылдык жыйынына катышуунун алкагында Акылбек Жапаровдун Вашингтонго иш сапарынын негизинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Навид Хасан Накви премьер-министрге Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Аксель фон Тротсенбургдун иш сапары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы учурда беш жылдык мөөнөткө стратегиялык өнөктөштүктүн алкактык макулдашуусу даярдалып жатканын жана аны кыргыз тарапка 2023-жылдын биринчи кварталында сунуштоо пландалып жатканын билдирди.

Тэги: кабмин Всемирный банк Бишкекский экономический форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу