Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт

20.09.2021, 11:00 Акчабар
Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт

Эртең, 21-сентябрда Бишкекте "Жол картасын ишке ашыруунун натыйжасы катары Кыргыз Республикасынын - Өзбекстан Республикасынын ишкер аялдарынын диалогу" эл аралык аялдар бизнес форуму өтөт.

Форумда Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикасынын түрдүү тармактарынын лидер аялдары өз бизнеси тууралуу сүйлөшүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, эң башкысы өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча ишкердик байланыштарды түзүшөт.

Форумдун алкагында ишкер аялдар үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана перспективаларга өзгөчө көңүл бурулат, ошондой эле алардын Борбордук Азиянын бизнес чөйрөсүндөгү ролун күчөтүү каралат.

Форум Жогорку Кеңештин төрагасы, анын орун басары Аида Касымалиева жана эл аралык донор уюмдар - БУУӨП жана ЮСАИДдин колдоосу менен өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын экономикасынын ар кандай секторлорунун лидер аялдарынан турган "Борбордук Азиянын аялдар лигасы" коомдук фонду уюштурууда.

Тэги: бизнес форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу