Бишкекте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү өтөт

24.05.2022, 14:51 Акчабар
Бишкекте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү өтөт

Эртең, 25-майда Бишкекте ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн агроөнөр жай тармагынын мыкты продукцияларынын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге ЕЭКтин протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.

Иш-чара борбор калаанын борборунда, "Орион" мейманканасынын каршысында уюштурулуп, күн бою уланат. Көргөзмөнүн расмий ачылышы саат 11:00дө Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Равшан Сабировдун жана ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Артак Камаляндын катышуусунда пландаштырылууда.

Көргөзмө 26-майда Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумдун иш-чараларынын алкагында өткөрүлүүдө.

Белгиленгендей, экспонаттар продукциянын сапатын баалоо боюнча улуттук сынактардын жыйынтыгы боюнча аныкталып, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплекси боюнча Консультативдик комитеттин мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Тэги: агропромышленность выставка ЕЭК Евразийский экономический форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу