Бишкекте дүң баада тамак-аш жарманкеси өтөт

17.12.2020, 10:40 Акчабар
Бишкекте дүң баада тамак-аш жарманкеси өтөт

Бишкектин эки жеринде, тактап айтканда Токомбаев көчөсүндөгү "Globus" жана Горький көчөсүндөгү "Фрунзе" соода түйүндөрүнүн унаа токтоочу жайларында эң керектүү тамак-аш азыктары дүң баада көргөзмөгө коюлат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

Новиковдун айтымында, мисалы жарманкеде уй эти 370-380 сомдон, ондогон жумуртка 85 сомдон жогору сатылбайт, өсүмдүк майын 108 сомдон 115 сомго чейин сатып алса болот. 

"Бааларды бекитүү үчүн, ар бир регионалдык лидер үчүн продукцияны дүң баада жеткирүүнү камсыздоо үчүн өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү. Оң натыйжа берсе, ар бир региондо ушул сыяктуу тематикалык павильондор ачылат. Мындан тышкары, Бишкек шаарында айыл-чарба продукцияларынын салттуу жарманкеси ар бир дем алыш күндөрү өткөрүлүп турушу керек. Шаардыктар бул жарманкелерде товарларын кандай баада көрсөтөөрүн алдын ала билип алышы керек”, - деп жыйынтыктады Артем Новиков.

Муну менен катар, Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө эң керектүү азыктарды керектөөнүн талдоосун даярдоо жана Айыл-чарба министрлиги менен биргеликте өндүрүүчүлөрдөн жана импортерлордон республиканын бардык аймактарына дүң баада түз жеткирүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Тэги: МИнсельхоз КР экономика ярмарка Артем Новиков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу