Русланбек Акылбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу вице-мэр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Борбор калаанын мэринин башка буйругу менен Талайбек Орозов санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп дайындалды.