Бишкекте эл аралык диверсификацияланган бизнес миссиясы өтөт

08.06.2022, 12:06 Акчабар
Бишкекте эл аралык диверсификацияланган бизнес миссиясы өтөт

Бишкекте 2022-жылдын 13-15-июнунда Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясы өтөт. Бул тууралуу кыргыз-орус өнүктүрүү фонду билдирди.

Бизнес-миссияны КОӨФ Россиянын Экспорттук борбору менен биргеликте ишке ашырат.

Максаты - ишкерлер ортосунда байланыштарды түзүү, Кыргызстандын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду издөө, келишимдерди түзүү.

“Учурда иш-чарага катышуу үчүн Орусия, Кыргызстан жана Казакстандан 80ге жакын компания катталды. Алардын арасында өнөр жай, энергетика, банк, айыл чарба жана илим тармагынын өкүлдөрү бар”, - деп белгиледи КОӨФ.

Бизнес-миссиянын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, “РОСЭКСИМБАНК” ААК Башкармалыгынын төрагасы Азер Талыбов жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковдун катышуусу күтүлүүдө.

Тэги: РКФР Акылбек Жапаров Артем Новиков Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу