30-июлда беш жылдык мөөнөтү бар мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өтөрүн Улуттук банк билдирди.
Жайгаштыруунун пландаштырылган көлөмү 250 миллион сомду түзөт. Сунушталган жылдык купондук чен 6%. Облигациялар боюнча векселдердин мөөнөтү 2026-жылдын 2-августуна пландаштырылган.
Буга чейин Экономика жана каржы министрлиги август айында мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу бюджетке 950 миллион сом тартуу пландаштырылганын билдирген.