Чехияда IT-компаниялар үчүн салык киргизүү сунушталууда

21.11.2019, 10:15 Акчабар
Чехияда IT-компаниялар үчүн салык киргизүү сунушталууда

Чехия IT-компаниялар үчүн салык киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Чехиянын каржы министрлиги билдирет деп жазат Reuters басылмасы. 

Өлкөнүн парламентине IT-фирмалардын кирешелери тууралуу маалымат берилген соң, 7% салык маселеси чечилет. 

Салык жылына 750 млн евро жана жылына 4.31 млн доллар  киреше тапкан компанияларга киргизиле баштайт. 

Эгерде мыйзам долбоору колдоого ээ болсо анда жылына өлкөнүн бюджетине кошумча 91 млн 130 миң доллар киреше түшө баштайт. Бирок, дүйнөлүк IT-компанияларга болгон салык кирешелери толук кандуу ишке ашырылмайын, бул мыйзам долбоору Чехияда убактылуу гана иш алып барат деп билдиришти. 

Европанын кээ бир өлкөлөрүндө бул салык ишке киргизилген. Муну менен катар эл аралык Facebook, Alphabet (Google) жана Amazon сыяктуу IT-корпорацияларга дагы салык киргизүү пландалууда. Эгерду бул ишке ашса, анда эл аралык ири IT-компаниялар дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө тең салык төлөөгө тийиш болот. 

 

 

Тэги: Чехия налог IT-компании

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу