Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

17.08.2021, 15:46 Акчабар
Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Ушул жылдын 19-20-август күндөрү Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Иш-чарага ЕАЭБге мүчө беш өлкөнүн премьер-министрлери жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.

Жыйынга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Круз байкоочу катары катышат. Акыркысы өкмөттөр аралык кеңешке видео байланыш аркылуу кошулат. Жолугушуу тар жана кеңейтилген курамда өтөт.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды экспорттоо үчүн белгиленген бир тараптуу тарифтик эмес чаралардын конвергенциясы, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карайт.

Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразия аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралат.

 

 

Тэги: ЕАЭС межправсовет экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу